АКШнын Кыргыз жергесиндеги элчиси кызматына Лесли Вигеринин талапкерлиги көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин президент Жо Байдендин администрациясы көрсөттү. Мындай маалымат АКШ элчилигинин социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
Лесли Вигери АКШнын Мамлекеттик департаментинде Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросунда, Пакистан жана Борбор Азия боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштейт.
Ал мурда АКШнын Өзбекстандагы элчисинин орун басары болгон. Ошондой эле Дели жана Москвада дипломатиялык кызматтарда иштеген.