Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 138 сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 191 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 699 бейтап бар.
Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен:
орто оор абалда - 88
оор абалда - 80
өтө оор абалда - 23
Жалпы айыккандардын саны 195 056 бейтапты түздү.