"Ак-Босого конушунда 1-март саат 9:00дөн 15:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.
Мындай ыңгайсыздык аталган конуштун суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат", - деп жазылат мэриянын маалыматында.