Пара алууга шектелген Азамат Дыйканбаев реабилитацияланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев толук реабилитацияланды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

"УКМКнын мамлекеттик тергөө башкармалыгынын чечими менен Дыйканбаевге карата ачылган сотко чейинки өндүрүш иши 22-январда реабилитациялык негизде токтотулду. Себеби тергөөчү тарабынан Дыйканбаевди үч ай бою мыйзамсыз камоо же ага келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча мыйзамда каралган чаралар аткарылган жок. Анын иш-аракетинде кылмыштын курамы жок. Дыйканбаев өзүнүн аброюн, жакшы атын калыбына келтирүүгө, мыйзамсыз кылмыш жоопкерчиликке тартуунун натыйжасында келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга укуктуу", - деди Абакиров.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын май айында өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2022-02-27 14:45:01
Ким кармаса жооп берип моралдык чыгымын төлөп берүүгө милдеттүү жана жоопко тартылуусу керек.
0
Antiradikal8
2022-02-27 16:28:04
Уурулар акталып, куноосуздор камалып жаткан чак...... Шакалдардын доору журуп.....
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан