
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү дирижёр
Сагынбек Акматалиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Сагынбек Акматалиев 1952-жылы 1-декабрда Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында туулган.
1967-жылы - Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, 1972-1976-жылдары - Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда, кийин 2005-жылы "Оркестрдин дирижёру" факультетинин профессору Насыр Давлесовдун классында окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1970-жылы окуп жүргөндө эле Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине музыкант-кыякчы катары келип кирген. Кийин оркестрдин концертмейстери, "Атай" – атындагы комузчулар ансамблинин жетекчиси болуп иштеп, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде гастролдо болгон.
Сагынбек Акматалиевдин кыргыз улуттук музыкасынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы жогору мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Сагынбек Акматалиевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.