Украинада каза болгондордун арасында кыргыздар жок

Украинадагы кагылышуудан улам адамдар набыт болуп, жоготуулар болууда. Курман болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул туурасында Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирет.
"Биздин жарандардын арасында каза болгондор же жаракат алгандар жок. Элчилик Тышкы иштер министрлиги, башка өлкөлөрдүн элчиликтери менен биргеликте Польша, Словакия, Румыния, Венгрия аркылуу эвакуация үчүн коридор уюштуруп берип жатат. Биз Киевдебиз, элчилик Украинадагы бардык мекендештер менен күнү-түнү байланышта. Күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз. Ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат. Украинадагы кыргыз жарандары +380997573413 +380442370346 +380442370347 номурлары аркылуу байланышса болот.
Мен Киевге дипломатиялык миссияны аткарганга 7-февралда келдим. 10-февралдан бери элчилик биздин жарандарга аскердик кагылыш болуп кетиши мүмкүн экенин кабарлап, Украинадан чыгып кетүү зарылдыгын эскерткен. WhatsApp`та тайпа аркылуу 300дөн ашуун адам катталган. Андан тышкары анализдин негизинде 15-февралдан бери кыргыз өкмөтү менен биргеликте эвакуация планын иштеп чыкканбыз. Азыр ошол пландын негизинде иш жүргүзүп жатабыз", - деди элчи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан