Украинанын аймагынан чыккан кыргыздар мейманканага жайгаштырылды

Украинанын аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендигинен улам Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргыз жарандарын эвакуациялоо иштери уланууда.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Украина-Польша чек арасынан өтүштү. Алар Кыргыз өлкөсүнүн Польшадагы консулу тарабынан мейманканага жайгаштырылды. Ошондой эле Украина-Молдова мамлекеттик чек арасынан өткөн Кыргыз жарандары да консулдун көмөгү менен Молдовадагы мейманканаларга жайгаштырылды.

Мындан сырткары элчилик, консулдук жана Украинанын аймагында жашаган кыргыздардын активисттеринин жардамы менен мекендештер үчүн атайын коопсуз жайлар даярдалууда.

- Киевдеги элчиликтин аймагында, Киев шаары, Печерский району, Редутный проспектиси 19/34 дареги боюнча;

- Львов шаары, Полская көчө 6 дареги боюнча;

- Одесса шаары, Варненская көчө 3а дареги боюнча.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан