Социалдык фонддун быйылкы жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 68 миллиард 511 миллион сомду түздү

Социалдык фонддун быйылкы жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 68 миллиард 511 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлору каралды.

Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров баяндама жасады.

Социалдык фонддун 2021-жылдагы бюджетинин чыгашалары 62 миллиард 12 миллион 700 миң сом өлчөмүндө бекитилген. "Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунда Социалдык фонддун 2022-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүн 68 миллиард 511 миллион сом жана чыгаша бөлүгүн 67 миллиард 144 миллион сом менен бекитүү сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан