Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Чүй облусунда уюштурулган көчмө жыйындын алкагында “Сосновка” транспорттук көзөмөл пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Комитет төрагасы Бактыбек Сыдыков депутаттар бир канча ирет аталган жайга келгенин эске салып, бирок азыркыга чейин ишти жакшыртуу жаатында жыйынтык жок экенин белгиледи.
“Салмак-габариттик көзөмөл пункттарынын ишине байланыштуу парламент депутаттарынан да, айдоочулардын өздөрүнөн да көп даттануулар түшүп жатат. Бирок транспорттук көзөмөл пунктунун ишин жакшыртуу боюнча эч кандай жыйынтык жок", - деген Бактыбек Сыдыков бардык процесстерди автоматташтырууну тез арада ишке киргизип, адам факторун жоюу керектигин кошумчалады.
Ал эми транспорт жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Тургунбаев “Сосновка” пункту аркылуу күнүнө 70-110 жүк ташуучу унаа өтөрүн маалымдады.
Ошондой эле өткөн жылы аталган пункт аркылуу жалпысынан 41 миң 700 жүк ташуучу унаа өтүп, анын ичинен 1 миллион 255 миң сомдук 550 эреже бузуу аныкталганы белгилүү болду. Муну менен катар жеңил унаалардын туннелден өтүүсүнөн улам 110 миллион сом чогултулган.
Андан соң комитеттин мүчөлөрү Кайыңды шаарындагы калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты.