Ысык-Атада 17 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 8-март күнү Ысык-Ата районунда 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси өз үйүнүн короосунда асынып алган жеринен табылганы кабарланган.
Окуя болгон жерге барган милиция баланын денесинде эч кандай жаракат жоктугун, ал өз жанын кыйганын аныктаган.
Ошондой эле маркум телефонуна видео кайрылуу калтырып, жакындарынан кечирим сураган.
Муну менен катар маркум актёр экени, айрым кинолордо бала кезинен бери ойноп жүргөнү айтылууда. Режиссёр Нурбек Болотов Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, Шабдан аттуу актёр өз жанын кыйганын жазды.
“Анын татаал мүнөзүнөн улам милиция каттоого алган. Кечээ мектепте мугалими урушуп койгон экен, үйүнө барып бул дүйнө менен кош айтышыптыр”, - деп жазган Болотов.