Чолпон-Атада Ноорузга карата Көк бөрү өтөт

Азамат Жаманкулов Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев менен жолукту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-мартта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жаңы шайланган “Көк бөрү” федерациясынын президенти Талас Бегалиев менен жолукту.
Анда, министр жаңы шайланган жетекчинин иштерине ийгиликтерди каалап, алдыда жасала турган иш- аракеттер тууралуу баарлашты.
Сүйлөшүүнүн алкагында, Талас Бегалиев 21-Март - Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүп келе жаткан Көк бөрү турнири тууралуу маалымат берип, даярдыктар талкууланды.
Эске салсак, “Нооруз” майрамына карата Чолпон-Атадагы ат майданда Көк бөрү боюнча турнир 13-21-мартка чейин өтүп, финалдык оюн Нооруз күнү болот. Командалардын чүчү кулак кармоосу 12-март күнү саат 17:00дө өтөт.
"Учурда бул улуттук оюндарга карата даярдыктар өз нугунда жүрүп жатат", - деп маалымдады Талас Бегалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан