Жарандарга 40 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Ошто "S-LINE" турак жай кооперативинин жетекчиси 48 саатка камалды

Ошто үй алып берүүнү убадалаган "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Көпчүлүк жарандар бул кооператив тарабынан убадаланган үйгө жетпей, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан дешти Ош ШИИБинен.
Белгилүү болгондой, Ош шаарынан жарандарга үй алып берүүнү убадалап, аны аткарбастан алдап жүргөнгө шектелип "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси, 1994-жылы туулган А.Б. кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган кооперативдин үстүнөн 24 жабырлануучу арыз жазган. Алар өз арыздарында адегенде аталган кооперативге кирүү үчүн 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын кооператив тарабынан белгиленген сумманы (процентти) төгүп турушкан.
"Бул кооператив алдамчылык менен алектенген каржы пирамидасы катары иш жүргүзгөндөргө окшош. Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, калгандарга үй тийген эмес. Кооперативге белгиленген сумманы төккөн жарандар үй албай, созулуп бара жаткандыгына байланыштуу арыз менен кайрылышкан.
Аталган окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) менен кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө иш алып барган. Бул убакыт аралыгында кооперативге жалпысынан 102 жаран үй алуу үчүн кайрылып, алар кооперативдин мүчөлөрү (пайщик) катары кооператив менен келишим түзүшүп, кирүү төлөмү (вступительный взнос) катары 218 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, андан сырткары алына турган үйдүн баасынан 25-35-50 пайызга чейинки өлчөмүндөгү төлөмдөрдү кооперативге төгүп турган. Жарандар тарабынан төлөнгөн төлөмдөр тууралуу квитанциялары тергөөгө камсыз кылынган. “S-LINE” коммерциялык эмес турак жай кооперативине карата жалпысынан 24 жаран коллективдүү арыздары менен кайрылышып, акчадан же үйдөн жок калгандыктарын, үй алуу мөөнөттөрү артка жылдырылып жатканын айтышкан. Жабырлануучуларга келтирилген зыян бүгүнкү күндө 40 миллион сомдон ашат.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен кооперативдин ишмердүүлүгүнө укуктук баа берилип, кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымдалат", - дешти башкармалыктан.
Бүгүнкү күндө бул жана ушул сыяктуу турак жай кооперативдеринен алданган жарандардын көп экендигин эске алуу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жабырлануучу жарандардан башкармалыктын тергөө кызматына арыз менен кайрылууну суранат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан