Бишкекте үй тиричилик техникаларын уурдоого айыпталып 23 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте үй тиричилик техникаларын уурдоого айыпталып 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, О.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 85 миң сомдук үй тиричилик техникаларын уурдап кеткен чала тааныш кызга чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Милиция ыкчам аракеттерди көрүп, 23 жаштагы Н.Н аттуу кызды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Учурда кармалган кыздын ушул сыяктуу башка уурулук фактыларына тиешеси бар же жогу такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан