Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берген. Бул боюнча министрге байланышканыбызда, Башкы прокуратура эскертүү бергендин ордуна ал жасап жаткан реформаларга жардам берсе болмок деген пикирин айтты.
“Мен бул эскертүүгө нааразымын. Ал эскертүү бергидей ким, мени президент дайындаган, кызматтан да президент алат. Мен реформаларды улантам. Бүгүн Исманкулов отурган имараттын эшигин ширеттирип салдым. Дагы бир-эки жумуш бар, аларды бүтүргөнгө жетишишим керек”, - дейт министр.