Буга чейин Баткен ОИИБинин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев каза болгону маалымдалган. Кийинчерээк ал киши колдуу каза болгону белгилүү болду. Анын өлүмүнө шектүү колго түшүрүлгөнү өздүк булактар тарабынан маалымдалды.
"Шектүү 34 жаштагы Баткен облусунун Н.С. аттуу тургуну. Ал мурда сот жообуна тартылган. Шектүү менен маркум 26-мартта кафелердин биринде кезигишип, анда экөөнүн ортосунда жаңжал чыккан. 34 жаштагы жаран подполковникке бир нече ирет бычак сайган. Алган жаракаттарынан улам милиция кызматкери каза болду. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери улантылып жатат", - дешет өздүк булактар.