Баткендеги подполковниктин өлүмү: Шектүү маркумдун жээни болгон

Буга чейин Баткен ОИИБинин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев киши колдуу каза болгону кабарланган. Облустук ички иштер башкармалыгынан Мухамадиев ооруканадан жан бергенин билдиришти.

"Бүгүн, 27-мартта саат 11:17 чамасында нөөмөт бөлүмгө Баткен облустук биргелешкен ооруканасынан билдирүү келип түшкөн. Анда 1974-жылы туулган М.А. көкүрөгүнөн жаракат алып жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү, бирок ал каза болуп калганы кабарланган.

Ыкчам тергөө кызматы менен биргеликте Баткен ОИИБинин башчысы Мурат Боронов аталган жерге барып окуяны такташты. Подполковникти белгисиз жарандар Хонда-Одиссей унаасы менен жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендиги белгилүү болду.

Бул факты 122-берене (адам өлтүрүү) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолуп, жакында эле бошотулган Баткен шаарынын 34 жаштагы тургуну Н.С. подполковникти учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталган. Шектүү маркумдун жээни болгон.

Ыкчам кызматкерлер тарабынан кылмыш изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пульгон айылында жашынып жүргөн жеринен Н.С. жана анын кылмыштуу шериктери кармалды. Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан