"Манас" эпосун өзүнчө сабак катары киргизүү идеясы айтылды

Бүгүн, 30-март күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Манас” эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун мурастары - улуттук дөөлөттөрдүн негизи” аталышындагы эл аралык жыйын болуп өттү.

Жыйында алгач гимн жаңырып, андан соң манасчы Азиз Биймырза уулунун манас айтуусу орун алды.
Ошондой эле президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өлкө башчынын аталган жыйынга болгон кайрылуусун жана каалоо-тилек сөзүн жеткирди.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жыйында азыркы күндөгү эпосту окутуу жана жайылтуудагы бир канча маселелерге токтолду.

“Манас” эпосунун окуу жайларда окутулуусу чаржайыт, сапаты начар. Мектептерде ал кыргыз адабиятынын программасына киргизилген. Ошондуктан “Манаска” жарытылуу убакыт деле берилбейт. Анын өз алдынча сабак болуусун колдойм. Профессионалдуу манас таануучулар жокко эсе. Ошондуктун сабактар эпостун сюжетин кайталоо менен чектелет. Окуу китептери, методикалык колдонмолор өтө аз.

Буга чейин “Философия “Манаса” и Чингиза Айтматова” аталышындагы орусча китеп жарык көргөн. Нускасы миңге жетпеген китеп окуучулардын терең катмарына эмес, адистерге да жетпей калды. Учурда бул окуу китептеринин кыргызчасы даярдалды, азырынча жарык көрө элек. Чукул арада окурмандардын колуна тиет деген терең ниеттебиз.

Деги эле министрлер кабинети “Манаска” байланыштуу илимий чыгармаларды, окуу китептерди, окуу куралдарды чыгарууну системага келтирип, координациялоону өз колуна албаса болбойт. Мен дагы өз ыйгарым укуктарымдын алкагында ушул маселенин чечилишине жакындан жана тереңден көмөктөшөм”, - деди ал.

Андан соң жыйын чет өлкөлүк окумуштуулардын онлайн түрдө куттуктоо сөздөрү менен улантылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан