Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасады.
Анда депутат Сеидбек Атамбаев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча суроо берди.
Курманкул Зулушев Бейшеналиев боюнча дагы чара көрүлүп жатканын айтты. "Кээ бир кызыккан тараптар буга көңүл бургусу келбейт. Талас тууралуу айтканы боюнча Бейшеналиевдин өзүнө эскертүү берилди. Кызматтык этиканы бузганына карата министрлер кабинетине сунуш бердик. Кызматтык адам этиканы сакташ керек", - дейт ал.