Бүгүн, 10-апрелде Бишкектеги "Газпром Балдарга" спорт комплексинде футзал боюнча Азия Кубогуна тандоо туру өтүүдө.
Беттештин алгачкы оюнун Өзбекстан-Непал курама командалары ачты. Учурда Өзбекстан 3:0 эсебинде алдыда келүүдө.
Белгилей кетсек, бул тандоо туру өлкө тарыхында алгачкы ирет өткөрүлүүдө. Азия Кубогунун финалдык баскычы 2022-жылдын 25-сентябрынан 20-октябрына чейин Кувейтте өтөт.