Жогорку Кеңештин жыйынында пенсиялык системаны жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо боюнча парламенттик угуу өтүүдө.
Жыйында аялдардын пенсияга чыгуу жаш курагын көтөрүү боюнча сунуш айтылды.
Депутат Айбек Маткеримов Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаевадан пенсиянын жаш курагын көтөрүүгө эмне себеп болгонун сурады.
Гүлнура Жуматаеванын айтымында, жыл сайын орточо жаш курак көтөрүлүп жатат.
"Улуттук статистиканын маалыматы боюнча, жыл сайын орточо жаш курак 3-4 айга өсүп жатат. Мисалы, 1990-жылдары орточо жаш курак башка болчу, азыр өзгөрүү бар. Биз орточо жаш куракты эки түргө бөлүп: төрөлгөндөн баштап жана пенсияга чыккандан кийинки курак деп карайбыз.
Өлкөдө орточо жаш курак эркектердики 69 жаш болсо, аялдардыкы 76 жаш. Ал эми пенсияга чыккандан кийин орточо жаш курак эркектердики 74, аялдардыкы 81 жаш. Муниципалдык жана мамлекеттик кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу жашын 2 жылга көтөрүү каралууда", - деп билдирди Жуматаева.
Ошондой эле жаш куракты көтөрүү боюнча расмий сунуш азырынча киргизиле электигин кошумчалады.
Мындан тышкары ал дүйнөдө пенсиялык жаш курак 67 жашка чейин көтөрүлүп жатканын, ал эми Кыргыз өлкөсүндө пенсиялык жаш курак 63 жаш экенин айтты.
Пенсия боюнча маалыматтар бул шилтемеде.