Соцфонд: "Пенсия жашында иштеп жаткан кызматкерлерге пенсиянын базалык бөлүгү берилбейт"

Пенсия жашында иштеп жаткан кызматкерлерге пенсиянын базалык бөлүгү берилбейт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында пенсиялык системаны жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо боюнча парламенттик угууда айтты.

"Азыр иштеп жаткан пенсионерлер мамлекеттик бюджеттен эмгек акы алып жатышат. Пенсиянын базалык бөлүгү иштеп жаткан учурда токтотулуп турат. Анткени экөөнүн тең булагы республикалык бюджет", - деп билдирди Жуматаева.

Белгилей кетсек, өлкөдө пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланат.

Пенсия тууралуу кенен маалымат шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан