Өлкөдө пенсияга чыгып, ишин улантып жаткан аскер кызматкерлерине пенсияны бербей туруу сунушталууда. Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында пенсиялык системаны жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо боюнча парламенттик угууда айтты.
"Өлкөдө аскер кызматкерлери 40-42 жашында пенсияга чыгат. Андан кийин ишин уланта беришет. 50 пайыз пенсиясын, маянасын алат. Башка мамлекеттерди карап көрсөк, мындай практика жок экен. Эмгек акысын алат же кеткенде пенсиясын алышат. Орусия жана Казакстанда аскер кызматкерлери кызматын тапшырган соң гана пенсияга чыга алышат. Биз дагы ушул нерсени сунуштап жатабыз", - деп билдирди Жуматаева.