ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 16-апрелде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы кызматтык формасын жумушчу кийимге алмаштырып, имараттын айланасын тазалоого чыгышты. Бир нече сааттын ичинде кызматкерлер аймакты иретке келтирип, тазалоо иштеринин алкагында аймакты таштандылардан тазалоо, бак-дарактарды актоо, тротуарларды жана арык тармактарын тазалоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү", - деди ал.