Мирлан Чыныбеков алгачкы беттешинде индиялык балбанга жеңилип калды

Мекендешибиз Мирлан Чыныбеков Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алгачкы каршылашына жеңилип калды.

92 килограмм салмакта намыс талашкан кыргыз балбаны чейрек финалдагы алгачкы жүрүшүндө индиялык Вики Вики аттуу балбан менен кез келди.

Беттештин аягына чейин эки балбан тең дээрлик коргонуу күрөш жүргүздү. Кыргыз балбаны 2:0 эсебинде утулуп жатып, акыркы 5 секундда атаандаштын аркасына өтүү менен эсеп санын 3:2ге айланткан. Анткен менен индиялык балбан да акыркы секундада Мирлан Чыныбековдун аркасына өтүп, дагы 2 упай алууга үлгүрдү. Муну менен жалпы эсеп 4:3 болуп, кыргыз балбаны жеңилүү ызасын тартып калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан