Бишкекте 2 жыл мурда катталган алдамчылык фактысына шектүү колго түшүрүлдү. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, жабырлануучу ушул жылдын 23-апрелинде милицияга арыз менен кайрылган.
Маалыматка караганда, окуя 2020-жылы сентябрь айында стоматологиялык борборлордун биринде катталган. Анда шаар тургунуна Н. аттуу жаран тиштерине брекет коюп берем деп ишеничке кирип 34 миң 500 сом акчасын алып, ошондон бери дайынсыз болуп качып жүргөн.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Э.Н. кармалды. Октябрь райондук сотунун чечими менен кармалган жаран СИЗО-1ге камакка алынды.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо милицияга кабарлап койсоңуз болот.
Байланыш номерлери: 0(702) 071-263, 0(703) 333-201, 0(709) 009-126 же 102.