Президент Садыр Жапаров Эммануэль Макронду Франциянын президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасы мамлекет башчынын расмий сайтына жайгаштырылды.
“Бул жооптуу кызматка кайрадан шайланышыңыз француз элинин сизге болгон жогорку ишенимин ырастайт.
Мен өз тарабымдан Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы конструктивдүү диалог жана өз ара пайдалуу кызматташтык улантылат деп эсептейм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.