Социалдык тармакка кыздардын урушуп жаткан видеосу тарады. Андан бир кыз экинчи кызды башынан кармап алып, тизелеп тээп жатканын көрүүгө болот.
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинен окуя 18-апрелде болгонун кабарлады. Анда милициянын нөөмөт бөлүмүнө №3 балдар ооруканасынан билдирүү түшкөн.
"12 жаштагы Ж.М. гематома диагнозу менен ооруканага кайрылган. Жерине ыкчам тергөө тобу барганда борбор калаадагы мектептин 4-классынын окуучусу денесинен жаракат алганы белгилүү болгон. Окуучунун апасы арыз жазган.
Бул факты электрондук журналга катталып, тергөө иштери башталган. Ал эми жабырлануучунун алган жаракаты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Андан тышкары тергөө кызматына 11 жаштагы Ч.А. апасы менен күбө катары чакыртылып, сурак берген. Аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 11 жаштагы окуучунун апасына 102-берененин (ата-энелик жоопкерчиликтен качуу) негизинде протокол түзүлүп, 1000 сом айып салынды.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдардын көчүрмөсү Октябрь райондук администрациясынын балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлдү", - дешет маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу курагы) негизинде 16 жаштан жогорку курактагы адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.