Ысык-Атада мал уурдоого шектүү жарандар кармалды (фото)

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 32 жаштагы М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 27-апрелге карган түнү короосуна белгисиз бирөөлөр кирип, эки коюн уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "уурдоо" менен катталган. Кылмышка шектелип бир нече жолу соттолгон 23 жаштагы Д.К. жана К.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда башка дагы кылмыштарга тиешесин аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан