Бишкекте дагы бир окуучу кыз сабалып ооруканага түштү

Бишкекте 3-класстын окуучусу мектептин аймагында катуу сабалып ооруканага туштү. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 27-апрель күнү саат 16:00 чамасында милицияга 10 жаштагы кыздын дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Анда апасы кызы саат 11:40 чамасында Восточная көчөсүндөгү үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ошол эле күнү саат 17:40 чамасында инспекторлор мектептин артында сабалган абалда 3-класстын окуучусун табышкан. Жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен №4 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 14 жаштагы өспүрүм кармалган. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, 8-класстын окуучусу жабырлануучу жана анын үй-бүлөсү менен тааныш болгон. Тергөөнүн алкагында себептери жана жүйөлөрү аныкталат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жана тергөө иш-чараларынын комплекси боюнча акыркы юридикалык баа берилет", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан