Чүй облусунун мурдагы губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун “Жээк” айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 95 пайыз акциясы өзүнө таандык болгон “Кайнар” ЖАКсына аянты 11,2 гектар болгон таштанды таштоочу жайды бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган.
"Ошону менен бирге Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, “Кайнар” ЖАКу 2015-жылдан баштап белгиленген тилкеде бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген жана түзүлгөн келишимдер боюнча Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туруу үчүн ай сайын 250 миң сом “Кайнар” ЖАКга төлөп турган. Бирок “Кайнар” ЖАКы таштанды таштоочу жай уюштуруу менен гана чектелип, катуу калдыктарды жок кылуу боюнча эч кандай санитардык нормаларды сактабаганы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
2022-жылдын 30-апрелинде жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча алдын ала квалификациялоо менен кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка шектүү катары Т.Абдраимов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Азыркы учурда УКМК тиешелүү ыкчам тергөө иш-чараларын улантууда.