Ысык-Ата районунун тургундарынан 6 курал-жарак алынды

«Арсенал» рейдинин жүрүшүндө Ысык-Ата районунун тургундарынан 6 курал-жарак алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 250дөн ашык адам текшерилди. Курал-жарактарды сактоо шарттарын жана аларды каттоо мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн 23 административдик акт түзүлгөн. 5 даана ок атуучу курал, 1 даана газ-травматикалык тапанча алынган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан