Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эки кишинин өлүмү боюнча резонанстуу кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2013-жылдын октябрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1989-жылы туулган Н.Кунбасов жана 1988-жылы туулган Т.Ишеновду табууга көмөк көрсөтүү үчүн эки жаран кайрылган, алар 2013-жылдын 22-октябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштери башталган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо максатында бир катар тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн. Атайын багыттамалар жөнөтүлүп, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын мүмкүн болгон байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары мамлекеттик чек арадан өтүү фактысын аныктоо максатында тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлүп, жоголгонго чейин байланышта болгон бир катар адамдар суралган.
2022-жылдын 3-майында милицияга Ак-Кудук айылындагы талаада адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган.
Андан кийин табылган сөөктөр 2013-жылы дайынсыз жоголгон Н.Кунбасов жана Т.Ишеновго таандык экендиги туугандары тарабынан такталган.
"Бул кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Х.Ш. жана 1964-жылы туулган Х.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, өлтүрүлгөн адамдар менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, мушташуу болуп, анда шектүүлөр таш менен урушкан. Кылмыш жасагандан кийин кылмышты жашыруу максатында шектүүлөр өлүктөрүн Ысык-Ата районунун аймагына көмүп салышкан. Мындан тышкары 2014-жылы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр суракка алынган, бирок алар жалган көрсөтмө беришкен, тактап айтканда алардын ортосундагы чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин жана жоголгон адамдарга эч кандай тиешеси жок экендигин айтышкан", - деп жазылат билдирүүдө.