Чүй районунун милиция кызматкерлери Кошой, Кызыл-Аскер, Талды-Булак, Ленин-Жол, Кара-Ой жана Султан айылдарын кыдырышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Жолугушууда ар бир жарандын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иштер аткарылып жатканын айтышты. Ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында ар бир жаран өздөрүнүн мүлктөрүнө, мал жандыктарына сак болуу, кароосуз калтырбоо керектигин эскертишти.
Мындан тышкары мектептердеги өткөн жолугушууларда окуучулардын коопсуздугу жөнүндө маектешүү болуп, жол кыймылынын эрежелерин туура сактоо боюнча кеңештер берилди.
Учурда Чүй райондук милициясынын кызматкерлери көчмө кабылдамасы менен ар бир айылды кыдырышууда.