"5 жаштагы кыз бар". Кочкордо жол кырсыгынан төрт адам каза болду

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) КамАЗ менен Ауди 100 унаасы сүзүшкөн. Кырсык катталган жерден төрт жаран: 1999-жылы туулган М. уулу.К, 1950-жылы туулган И.К, 2009-жылы туулган С.А жана 2017-жылы туулган С.А аттуу кыздар каза болуп, эки адам жаракат алган.

Кырсык орун алган жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгондордун денелерин милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми жаракат алгандар Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан