Бишкекте жеңил унаа менен автокрандын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Окуя 20-майга караган түнү Тыналиев көчөсүндө орун алып, көчөдөгү камерага жазылып калган. Видеодон автокран Тыналиев көчөсүнөн бурулуп жатканда жеңил унаа сүзүп кеткенин көрүүгө болот.
Окурмандардын айтымында, БМВ E34 унаасынын айдоочусу аман-эсен. Бирок унаанын таш-талканы чыккан.
Милициянын кайгуул кызматынан жол кырсыгы катталганын тастыктап, толук маалыматты кийинчерээк берерин билдиришти.