Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа өткөрүү пунктунда топтолгон адамдарды жана унааларды сүзүп кетти. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Чечме айылындагы өткөрмө постунда бүгүн саат 15.50 чамасында оор жүк ташуучу Shacman үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калгандыктан “Чечме-автожол” өткөрүү жайында топтолуп турган жарандарды жана токтоп турган унааларды сүзүп өтүп кеткен.
Жерине Баткен ОИИБинин жана Кадамжай РИИБинин ыкчам тергөө барып, каза болгон адамдардын санын жана алардын жарандыктарын, жол кырсыгына дуушар болгон автоунаалардын санын жана кырсыктын себептерин такташууда.
Бул факт Кадамжай РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат.