Чүй облусунда 15 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү аракет жасаган жарандын иши боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, сотко жөнөтүлдү. Бул туурасында бүгүн, 24-майда облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, ушул жылдын март айында Москва РИИБине өспүрүмгө карата ыплас иш-аракет болгондугу туурасында билдирүү түшкөн. Тагыраагы, дүкөнгө кирген киши 15 жаштагы кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөнү айтылган. Өспүрүм кыздын жакындарынын арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 158-берене (адепсиз жоруктар) менен каттоого алынган.
"Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1987-жылы туулган К.С. кармалып, Москва райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу бөгөт чарасы тандалган.
Аталган окуя боюнча тергөө иштери Москва РИИБи тарабынан апрель айынын соңуна чейин жүргүзүлүп, 29-апрелден баштап Москва райондук прокуратурасы уланткан. Учурда тергөө иштери аяктап, топтолгон материалдар андан аркы териштирүү үчүн сотко жөнөтүлдү", - дешти маалымат кызматынан.
Буга чейин Чүйдүн Петровка айылында дүкөнгө кирген кардар сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.