Дүкөндөн 15 жаштагы өспүрүмгө жыныс мүчөсүн көрсөткөн жаран камакка алынды

15 жаштагы өспүрүмгө жыныс мүчөсүн көрсөткөн жаран камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15 жаштагы өспүрүмгө жыныс мүчөсүн көрсөткөн К.С. аттуу жаран Москва райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Эске салсак, Чүйдүн Петровка айылында дүкөнгө кирген кардар сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланган. Кийинчерээк Чүй ОИИББи бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 158-берене (адепсиз жоруктар) менен каттоого алынганын, шектүү катары 1987-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Москва райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан