Токмокто чагылган түшүп окуучу кыз каза болду

Токмок шаарында чагылган түшүп андан окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 2-июнда болгон. Анда мектептин жанында жүргөн 3 окуучуга чагылган түшкөн. Алардын бири каза болсо, эки окуучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Министрликтен ооруканага түшкөн окуучулардын абалы туруктуу экенин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан