Саламаттыкты сактоо министрлигинин 3 жетекчи кызматкери кармалды

Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын 2-июнда Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, коррупция фактысы COVID-19га каршы вакцина сатып алууда орун алган.

Министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова жана министрликтин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалды.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан