"Карындашын коргойм деп". Нарында катуу сабалган баланын апасы адилеттүүлүк издейт

Нарын облусунда 22 жаштагы жигит карындашын коргоого аракет кылып жатып, теңтуштары тарабынан катуу сабалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сабалган баланын апасы Калыгүл Саралаева билдирди.

Саралаеванын айтымында, уулу катуу сабалганына карабастан, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы абалы анча оор эмес деп чыккан.

"Уулум Жумгалбек Керимбеков 2000-жылы туулган. Ушул жылдын 8-апрелинде коңшу айылдын 15 баласы үйгө келип сабап кетишкен. Ал 15 жаштагы карындашын коргоп балдардан токмок жеди. Коңшу айылдагы бир жигит кызыма эки-үч жолу келип, телефондон тынчын ала берген экен. Акыркы жолу келгенинде уулум аны менен сүйлөшкөн. Ошондон кийин ал бала 15 чакты баланы ээрчитип келип, сабатып салган.

Мен жесир аялмын. Балам үйдө жалгыз эркек бала. Нарындан Бишкекке оор акыбалда санавиация менен келдик. Томографияга түштүк. Анда баламдын бир жак бети, мурду жана 3 тиши сынган.

Бирок Нарын облусунун соттук-медициналык экспертизасы анча оор эмес жаракаттарды алган деген чечим чыгарып салган. Биз кайра экспертизага жөнөттүк. Бирок кайра эле Нарындыкын тастыктап койду. Карга карганын көзүн чукубайт болду. Уулум ушул күнгө чейин Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Температурасы 39.9 - 40 градуска чейин көтөрүлүп жатат.

Уулумдун жана кызымдын укугун коргогон эч ким жок", - деди апасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан