Бүгүн, 17-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Жапаров «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» панелдик сессиясында сөз сүйлөйт.
Форум алкагында Акылбек Жапаров бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.
Маалымат үчүн: Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форум туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында глобалдык экономиканын негизги маселелерин талкуулоо жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана компетенцияларды алмашуу үчүн эл аралык аянтча болуп саналат.