Мамлекеттик салык кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысы 12 миң сом пара алып жатканда кармалды

Мамлекеттик салык кзыматынын Нарын облусундагы райондук башкармалыктарынын биринин башчысы пара алып жаткан учурунда кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кызматкер 12 миң сом алып жаткан.

"Райондук башкармалыктын башчысы пайда табуу максатында жеке кызыкчылыктарын көздөп, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатуу менен алектенген жеке ишкерди салыктык чегерүүлөрдү эсептөө, кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонууга байланышкан маселелерди ишкердин пайдасын эске алуу менен чечип берем деп опузалап, пара талап кылгандыгы аныкталды. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан