Ак Үйдүн алдында бир нече адам казино ачуу демилгесине каршы пикирин билдирип, нааразычылык акциясына чыгышты.
Нааразычылык акциясына чыккандар "Кыргызстан казиного каршы" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө кумар оюндарын мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.