Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка караганда, шаар башчысы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деп айыпталууда.
Учурда Иса Өмүркуловго КРнын Кылмыш -жаза кодексинин 305-беренеси (жер мыйзамдарын бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.