Ысык-Көл облусунун Комсомол айылында Lexus RX 330 унаасы өлтүрө сүзгөн казакстандык жаран Казакстандын жеңил атлетика боюнча эң мыкты 10 машыктыруучусунун катарына кирген. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Жол кырсыгынан каза болгон жаран 58 жаштагы Мурат Жузгенбаев аттуу машыктыруучу болгон. Ал өзүнүн шакиртин велосипед менен артынан коштоп бара жатканда унаа сүзүп кеткен. Ал эми шакирти аман калган.
Мурат Жузгенбаев Алматы облусунда жеңил атлетика боюнча улук машыктыруучу болгон. 2012-жылы Казакстандын Жеңил атлетика федерациясынын эң мыкты 10 машыктыруучусунун катарына кирген.
Бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү Комсомол айылына жакын жерде Lexus RX 300 унаасынын айдоочусу казакстандык спортчуну өлтүрө сүзгөндүгүн билдиришкен.