Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Жаңы Кызыл-Суу, Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу Шералы, Торойчу айылдарынын тургундары таза суу жоктугунан кыйналып жатат. Маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө жөнөттү.
"30 жылдан бери суу, жол маселеси жүрөктү оорутуп келет. Кран коюлган, бирок суу акпайт. Шералы, Жаңы Кызыл-Суу, Торойчу айылдарынын тургундары сууну арыктан ичебиз. Аны лабораториядан текшергенде ичкенге болбойт деп корутунду чыгарды.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы моралдык жоопкерчилик тартабы? Бул сууну ичкен адамдардын ден соолугуна ким жооптуу? Дүйнөлүк банк бөлгөн каражатты эмне кылышты? Тийиштүү органдар текшерип бергиле", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.