"Көчөдө жатып калган". Сокулукта күйөөсү аялын сабаган видео тарады (видео)

Социалдык тармактарда Сокулукта күйөөсү аялын сабаган видео тарады. Күбөнүн айтымында, окуя түн ортосунда Сокулуктагы Ленин көчөсүндө болгон.

"Велосипед тээп бара жаткам, сабап жаткан кишиге секирейин деп ойлодум. Бирок аял аралашпа деп белги берди. Анан мен видеого тартып алдым. Эркек киши таш ыргытып баштады, мен үйдөн таяк көтөрүп чыксам, ал аялын үйүнө алып кирип кетиптир.

Мен алардын эшигин тыкылдатсам эч кандай жооп болгон жок. Өзүм да шашып жаткам, кетип калдым", - деди күбө.

Эскертүү! Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

күйөөсү аялын сабаган видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан