Бишкекте саламаттыкты сактоо мекемелери оңдолууда

Бишкекте саламаттыкты сактоо мекемелери оңдолууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык объектилерди оңдоону улантып жатат.

№2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жылуулук тутумдарын оңдоо иштери аяктаганы айтылат.

"№14, №16, №13, №1, 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун, №1 жана Жантөшев 117 дарегиндеги шаардык клиникалык ооруканалардын, №1 төрөт үйүнүн чатырларын, коммуникация системаларын жалпы оңдоо иштерин жүргүзүү уланууда. Мындан тышкары, ыкчам медицина борборунун жана Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автобазасын оңдоо пландалууда", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык, 11 саламаттыкты сактоо объектисин оңдоо мерчемделип жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан