Сүт жана эт 10 пайыз арзан баада. Ош шаарында 7 социалдык дүкөн ачылат

Ош шаарында август айынын башында 7 муниципалдык аймактык башкармалыкта социалдык дүкөндөр ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, учурда социалдык дүкөндөрдүн курулуш иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле мыйзам чегинде ветеринардык инспекция тарабынан камсыздоочуларды тандоо иштери аяктады.
Долбоордун негизги максаты - калктын муктаж катмарына эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10 пайыз төмөн баада сатып алууга шарт түзүү.
Социалдык дүкөндөрдө продукциянын сапатын көзөмөлдөө ветеринардык инспекция тарабынан ишке ашырылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан